Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-казак чек арасынан сөөгү табылган казак аскердин өлүмүнө байланыштуу териштирүү иштери жүрүүдө

11.04.2022 11:48
418
Кыргыз-казак чек арасынан сөөгү табылган казак аскердин өлүмүнө байланыштуу териштирүү иштери жүрүүдө

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жерде эркек кишинин сөөгү табылды.


Агенттикке Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде болжол менен саа 17:40та Панфилов райондук ички иштер органына болжол менен 20-25 жаштагы жигиттин сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн.


Жерине дароо тергөө-ыкчам тобу барып, мамлекеттик чек арага жакын жерде аскага өзүнүн куруна асынган эркек кишинин сөөгүн табышкан.


Аталган факт маалымат журналынын АМСына катталган.


Милиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталган, ал коңшу өлкөнүн 2003-жылы туулган Б.У., аттуу жараны болуп чыккан.


Азыркы учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тактоо жана ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн