Теке 21, 2025
Убакыт: 23:21
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюлду

21.07.2025 12:54
27
Кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюлду


"Ынтымак Ордодо" Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун катышуусунда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.


Кол коюлган эки тараптуу документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда ар тараптуу өнөктөштүк орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация.
  2. Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда экстрадиция (экстрадициялоо) боюнча келишим.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу.
  4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2026–2027-жылдарга кызматташуу программасы.
  5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосунда жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Монголиянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлигинин ортосунда маданият жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.
  7. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана байланыштар министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  8. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Монголиянын Коопсуздук боюнча изилдөөлөрдүн улуттук институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
  9. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монголиянын Мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
  10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын администрациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
  11. Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги менен Монгол улуттук «Монцамэ» маалымат агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  12. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Монголиянын Илимдер академиясынын ортосунда илимий кызматташуу жөнүндө келишим.
  13. Б. Жамгерчинов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Монголия Илимдер академиясынын Археология институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим.
  14. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Монголиянын Улуттук телеберүү кызматынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.


Кол коюлган келишимдердин негизинде Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, достук мамиле жаңы деңгээлге көтөрмөкчү. Эксперттер бул сапар соода, транспорт, туризм жана маданий алмашуу сыяктуу тармактарда кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешет.


Монголия лидеринин Бишкекке сапары президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын эл аралык байланыштарын чыңдоого жана аймактагы көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жигердүү дипломатиялык саясатынын айкындыгын көрсөтүп турат.


Эске салсак, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух кечээ, 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапары менен келип, президент Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортунда тосуп алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн