Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-өзбек чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу, - Өкмөт

01.06.2020 09:17
1415
Кыргыз-өзбек чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу, - Өкмөт


Бүгүн, 1-июнда Кыргызстан менен Өзбекстандын тиешелүү жетекчилери Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыккан чек ара окуясы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.


Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, жергиликтүү элге коомдук тартипти сактоого жана чек ара кызматташтыгы менен коңшулук алаканы бекемдөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.


Маалым болгондой, тургундар конфликт болгон аймактан чыгып кетишти. Учурда кырдаал салыштырмалуу туруктуу.


Эске салсак, кечээ, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкканЧыр Чечме деген тактала элек жерде булак талаштан пайда болгон.


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров ал жердеги булактын маселеси көптөн бери чечилбей келатканын, эгерде бул булак бир өлкөнүн пайдасына чечилсе, экинчиси суусуз калышы ыктымалдыгын билдирген болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн