Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы чечилген

29.05.2020 16:47
1495
Кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы чечилген

 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чийменин жалпы узундугунун 60 пайызы өкмөттүк делегациялар тарабынан өз ара макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

 

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 38 отуруму, топографиялык жумушчу топтун 47 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун 21 жолугушуусу өттү. 

 

2020-жылдын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2 жолугушуу болду. Биринчиси 21-25-январда Бишкек шаарында жумушчу топтордун деңгээлинде өттү. Экинчи жолугушуу 21-22-февралда Баткен шаарында өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде болгон. Учурда COVID-19 пандемиясынан улам жаңы жолугушуулар өткөрүлө элек. 

 

“Учурда Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы бир катар калктуу конуштарда объекттерди куруу жана жер ресурстарын пайдалануу сындуу талаш-тартыш маселелер чыгып, белгилүү бир чыңалуу байкалууда. Жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп белгилейт өкмөт. 

 

18-23-майда кыргыз өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борубаев Баткен облусундагы иш сапарынын жүрүшүндө чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугуп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштердин жүрүшү тууралуу айтып берди. 

 

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз өкмөтү автомобиль жолунун курулушун бүткөрүү, чек араны кайтарууну күчөтүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүүдө. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн