Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиз? Бүгүн каалоочулар тест тапшырат

24.09.2020 09:29
1578
Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиз? Бүгүн каалоочулар тест тапшырат


Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси кыргыз тили боюнча онлайн тест өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.

Онлайн тест Мамлекеттик тил күнүнүн 31 жылдыгына карата өткөрүлөт.

Тест тапшырууга президенттин аппаратынын, Жогорку Кенештин, өкмөттүн аппаратынын, Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана бардык каалоочулар чакырылат.

Ошондой эле, тестке Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин кызматкерлеринин онлайн катышуусу каралган.

Тестти ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга тиешелүү деңгээлдеги сертификат берилет.

Иш-чаранын жүрүшүн "Кыргызтесттин" сайтынан онлайн режиминде көрүүгө болот.

Теги

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Сагыналиева Упол
Оз билимимди текшеруу
Венера Нарматова
Өзүмдү өнүктүрүү учун
Гулназ
Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билеримди текшериш учун
Аширова Зийнатай
Өз тилимди канчалык жакшы билем
Кененбаева Милана
Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошолу