Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызпатент "40 райондон 40 демилге" долбооруна катышуучуларды кабыл ала баштады

21.02.2024 09:02
142
Кыргызпатент "40 райондон 40 демилге" долбооруна катышуучуларды кабыл ала баштады


Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги "40 райондон 40 демилге" долбооруна катышуучуларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматы кабарлады.


Долбоорго жаңы инновациялык демилге же стартап жазган, бирок аны ишке ашырууга каражаты жетпей жаткан адамдар катышса болот.


"Кыргызпатент сиздин инновациялык долбооруңузду 1 миллион сомго чейин, ал эми стартабыңызды 500 миң сомго чейин каржылап берет", — деп айтылат маалыматта.


Шарт боюнча, экономикалык жана социалдык маанилүү, экологияга коопсуз, натыйжалуу жана ишке толук ашырыла турган идеялар тандалмакчы.


Тандоо үч этап менен өтүп, беш айга чейин созулат. Бардык каалоочулар арызын Кыргызпатентке 2024-жылдын 30-апрелине чейин бериши зарыл.


Суроолор боюнча 05557959180703166036 номерлерине кайрылса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн