Бугу 07, 2025
Убакыт: 13:49
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Кыргызстан Россия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергия сатып алат

05.09.2023 17:46
1374
Кыргызстан Россия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергия сатып алат


Кыргызстан Россия жана Түркмөнстан менен ар биринен 1 миллиард 700 миллион киловатт-саат энергия сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.


Анын айтымында, негизги ГЭСтерде суунун таңсыктыгы 2 миллиард куб метрди түздү.


"Россия электр энергиясын сентябрдан тарта апрелге чейин берет. Түркмөнстан менен азыр баа боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Байгазиев.


Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан жыл соңуна чейин Россиядан 1,5 миллиард киловатт-сааттык электр энергия алууну пландап жатканын министр Таалайбек Ибраев айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн