Теке 03, 2025
Убакыт: 16:56
USD
87.30
87.80
EUR
102.70
103.70
RUB
1.105
1.135

Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйынына катышты

02.07.2025 15:28
36
Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйынына катышты


Бүгүн, 2-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12- жыйынына катышып жатат.


Министрликтен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында транспорттук байланыштарды кеңейтүү, логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук тоскоолдуктарды азайтуу жана санарип технологияларды киргизүү сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.


Сыргабаев өз сөзүндө өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашып жатканын белгилеген.


“Бул долбоор – үч мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин жана биргелешкен аракеттеринин жемиши. Учурда курулуш иштери татаал тоолуу шарттарда, өзгөчө Фергана тоннелинде кызуу жүрүүдө”, — деди ал. Мындан тышкары, министр кызматташтыкты чыңдоо маселелерине да токтолду.


"Кеңешменин алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт ведомстволорунун ортосунда жол тейлөө объектилерин өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн