Баш оона 22, 2025
Убакыт: 12:35
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде биринчи орунга чыкты

Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде биринчи орунга чыкты


Быйылкы жылдын жети айында Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүп, ЕАЭБде биринчи орунга чыкты. Бул маалыматтарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык баракчасына чыгарды. 


Өкмөт башчынын айтымында, 2025-жылдын жети айында ИДПнын көлөмү 865,2 миллиард сомду түзүп, 11,5 пайызга көбөйгөн. 


Ал эми ЕАБге мүчө башка өлкөлөрдүн арасындагы көрсөткүч төмөнкүдөй: 

- Казакстан – 6,3 пайыз (7 ай); 

- Армения – 6,3 пайыз (6 ай); 

- Беларусь – 2,1 пайыз (6 ай); 

- Россия – 1,2 пайыз (6 ай). 


Касымалиев өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыздалганын белгиледи. 


Жогорку көрсөткүчтөр көбүрөөк катталган тармактар: 

- фармацевтикада өсүү – 2,4 эсе; 

- тамак-аш азыктарын өндүрүү – 49,0 пайызга; 

- резинадан, пластмассадан жана курулуш материалдарынан жасалган буюмдарды өндүрүү – 33,5 пайызга; 

- химиялык продукция — 29,3 пайызга; 

- нефть продуктулары — 5,8 пайызга; 

- пайдалуу кен казып алуу — 14,6 пайызга; 

- курулуш сектору — 37,8 пайызга; 

- тейлөө чөйрөсү — 9,8 пайызга; 

- айыл чарбасы — 2,3 пайызга өскөн. 


Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициянын көлөмү жогорулоодо. Жети айдын жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 141,9 миллиард сомду түзүп, 33,4 пайызга көбөйгөн. 


Көрсөткүч мурдагы жылдардагы деңгээлден ашып кеткен: 

- 2021-жылы – 122,8 миллиард сом, 

- 2022-жылы – 139,4 миллиард сом.


"Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 52,2 пайызга көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды, бул улуттук каржылоо базасынын бекемделишинен кабар берет", — деген Касымалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн