Кулжа 26, 2025
Убакыт: 17:13
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Кыргызстан энергетика тармагына малайзиялык инвесторлорду тартууда

26.06.2025 11:47
20
Кыргызстан энергетика тармагына малайзиялык инвесторлорду тартууда


Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Энергетика министрлиги менен малайзиялык CitaGlobal Berhad компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Ведомстводон маалымдашкандай, документ жашыл энергетика тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.


Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев жана CitaGlobal Berhad компаниясынын президенти Доктор Мохамад Норза Закария кол койду.


Мындан тышкары, энергетика министри Ибраев дүйнөлүк энергетика рыногунун алдыңкы оюнчусу болгон PETRONAS мунай-газ корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту.


Жолугушуу PETRONAS`тын башкы кеңсесинде өтүп, ага малайзиялык тараптан төмөндөгүлөр катышты:


  • Лоу Киан Мин – PETRONAS`тын туунду компаниясы болгон Gentari компаниясынын кайра жаралуучу энергия боюнча директору;
  • Абу Ханзалах бин Абу Бакар – PETRONAS`тын Борбордук жана Түндүк кеңсесинин (PCNO) жетекчиси,
  • Зукифли бин Осман – PETRONAS`тын Борбордук жана Түндүк кеңсесинин (PCNO) улук менеджери.


Министр Малайзия менен диалогдун маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын энергетика тармагындагы эл аралык кызматташууга ачыктыгын баса белгиледи. Ал Кыргызстандын энергетикалык потенциалы жана инвестициялардын келечектүү багыттары боюнча баяндама жасады.


Ал эми Лоу Киан Мин туруктуу жана аз көмүртектүү энергия чечимдерине адистешкен PETRONAS`тын туунду компаниясы Gentari компаниясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.


Өз кезегинде министр "Кыргыз Республикасындагы жашыл энергетика чөйрөсүндөгү перспективдүү долбоорлор" темасында өзүнчө презентация кылып, анда суутек энергетикасын өнүктүрүү, электр заряддоо станцияларынын тармагын кеңейтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу пландары тууралуу айтып өттү.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыгын билдиришти. Ибраев энергетика тармагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашстанга келип кетүүгө чакырды.


Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө кыргыз-малайзиялык кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин тастыктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн