9-июлда Кыргызстандын Албаниядагы элчиси Руслан Казакбаев Тиранада соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Албаниянын премьер-министринин кабинетинин башчысы Синди Душку менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия түзүү, соода үйлөрүн ачуу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин бизнес миссияларын алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Албания тарапка кеңири чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган түрдүү тармактардагы макулдашуулардын долбоору берилди.
Тирананын мэри Ануэла Ристани менен жолугушууда эки мамлекеттин борборлору – Бишкек менен Тирананын боордош шаар мамилелерин түзүү аркылуу кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланып, шаарлар ортосунда түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча меморандумдун долбоору тапшырылды.
Мындан тышкары, элчи Албаниянын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин (AIDA) директору Лаура Плаку менен жолугушту. Анда КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен AIDA`нын ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тактап айтканда, кызматташуу боюнча тиешелүү меморандумга кол коюу, инвестициялык институттардын жетекчилеринин Тирана жана Бишкек шаарларына өз ара иш сапарларын уюштуруу, бизнес форумдарды жана B2B жолугушууларын өткөрүү сунушталды.
Тирананын Соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы Албана Лакнори менен болгон баарлашуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы соода мамилелерин арттыруу жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле элчи казакбаев Кыргызстан менен Албаниянын кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн палаталар ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана "Ала-Тоо Resort" долбоорунун презентациясы болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бизнес-форумдарды уюштуруу, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана тиешелүү соода жана өнөр жай мекемелеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн