Кечээ тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө саясий кызматташтык, анын ичинде өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн