Тогуздун айы 17, 2025
Убакыт: 17:54
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.070
1.110

Кыргызстан менен Словениянын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

17.10.2025 15:04
29
Кыргызстан менен Словениянын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды


Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Любляна шаарында Словениянын Мамлекеттик жыйынынын (парламентинин) төрайымы Уршка Клокочар Зупанчич менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу кыргызстандык дипломаттык расмий сапарынын алкагында өттү.


Анын жүрүшүндө тараптар Кыргыстан менен Словениянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.


Парламенттердин өз ара аракеттенүүсү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүдө жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо маанилүү роль ойной турганы белгиленди.


Министр Жээнбек Кулубаев Словения тарапка 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтө турганы тууралуу маалымат берди. Ал өлкө жетекчилиги жана бардык саясий күчтөр улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык ачык, демократиялык жана атаандаштыкка негизделген шайлоолорду өткөрүүгө бекем берилгендигин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле ал жакынкы парламенттик шайлоолорго эл аралык байкоочу катары Словениянын өкүлдөрүн жөнөтүүнү сунуштады.


Өз кезегинде Словения мамлекеттик жыйынынын спикери Уршка Клокочар Зупанчич Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалап, бул жараяндын ачык-айкындыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле Словенияда парламенттик шайлоолор кийинки жылдын апрель айына пландалып жатканын маалымдады.


Тараптар эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да жигердүү улантууга даяр экендиктерин, парламенттердин эл аралык бирикмелердин алкагындагы өз ара кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн