Бугу 04, 2025
Убакыт: 02:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Кыргызстан менен Тажикстандын Финансы министрликтери кызматташат

30.10.2024 13:21
637
Кыргызстан менен Тажикстандын Финансы министрликтери кызматташат


Финансы министри Алмаз Бакетаев тажикстандык кесиптеши Файзиддин Каххорзода менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу 21-26-октябрь аралыгында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынынын алкагында Американын Вашингтон шаарында өттү.


Жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын Финансы министрликтеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Меморандум финансы тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө негиз түзүп, тажрыйба алмашууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана чет элдик инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде аймактык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн