Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланды

14.03.2023 17:00
256
Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.


Жолугушууда 12-13-февралдагы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.


Жээнбек Кулубаев жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-венгер мамилелерин кызматташуунун жаңы сапаттык деңгээлине алып чыккан мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларациянын кабыл алынышынын тараптар үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Өз кезегинде, элчи Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.


Ошондой эле жолугушууда Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун потенциалын тартуу менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү Венгриянын жетекчилигинин Кыргызстанга иш сапарын иштеп чыгуу жана Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-отурумун өткөрүү боюнча 2023-жылга биргелешкен пландарды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн