Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:51
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстанда 29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

12.04.2024 09:31
140
Кыргызстанда 29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү


Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 28 миң 936 бала катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу:

  • Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)
  • Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)
  • Нарын облусу: 2109 (жалпы квота – 7 миң 741)
  • Баткен облусу: 3244 (жалпы квота – 16 миң 190)
  • Ош облусу: 5052 (жалпы квота – 35 миң 785)
  • Талас облусу: 1568 (жалпы квота – 6 миң 957)
  • Чүй облусу: 4086 (жалпы квота – 31 миң 474)
  • Бишкек шаары: 4117 (жалпы квота – 17 миң 908)
  • Ош шаары: 699 (жалпы квота – 11 миң 233)

Толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Кабыл алуу эки этапта жүргүзүлөт: 8-апрелден 2-июнга чейин юридикалык каттоодон жери боюнча, ал эми экинчи этап – 3-июндан 30-августка чейин жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге каттаса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн