Кыргызстанда Аламан улак федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Акыркы мезгилде улуттук аламан улак оюнун өткөрүүдө бирдиктүү регламенттин жана эрежелердин жоктугунан спорттук командалардын ортосунда ар түрдүү чыр-чатактар чыгып, кээ бир учурларда оор жаракаттан улам адам өлүмүнө алып келген учурлар катталууда.
Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык – оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топтун комплекстүү ишинин натыйжасында аламан улак оюнун уюштуруу жана өткөрүү иштерин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболор жана регламенттер иштелип чыгып, бекитилди.
Бул аракеттер катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, системалуу тартип бузууларга жол бербөөгө, мелдештерди уюштурууда калыстык менен ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.
Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- оюндун так эрежелерин белгилөө;
- уюштуруучуларга жана катышуучуларга милдеттүү талаптарды киргизүү;
- эрежелерди бузгандыгы үчүн жазаларды жана тартиптик чараларды күчөтүү;
- коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү.
Улуттук спорттун бул түрүн жайылтууну жана буга байланыштуу иш-чараларды координациялоо максатында Аламан улак федерациясы коомдук уюму расмий каттоодон өтүп, Исмаилов Чолпонбай Адишович федерациянын президенти болуп шайланды.
Федерацияны түзүү жана жоболорду бекитүү иштери мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен бир эле мезгилде спорттун улуттук бул түрүн сактоодо жана өнүктүрүүдө маанилүү зор кадам болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн