Бугу 04, 2025
Убакыт: 08:41
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Кыргызстанда ККМ аппараттарын орнотууга 10 күндүк мораторий жарыяланды

13.06.2022 13:58
1567
Кыргызстанда ККМ аппараттарын орнотууга 10 күндүк мораторий жарыяланды

Кыргызстанда кассалык-көзөмөл машина колдонуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров митингчилер менен жолугушууда билдирди. 


"Арак, чылым, мунай, дары, алтын саткандардын баары КМК колдонот. Тамак-аш саткандарды, кичинекей дүкөндөрдү бошотуп койгонго даярмын. Патент боюнча 10 киши менен иш алып барабыз, ага чейин ККМди дагы, эсеп-фактураны да токтото турабыз. Буга 10 күнгө мораторий жарыялап жатабыз", ─ деди Жапаров.


Белгилей кетсек, бүгүн соодагерлер кассалык-көзөмөл машиналарын жана электрондук эсеп фактураларын орнотууга каршы митингге чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн