Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда TikTok тиркемесине чектөө киргизилди

18.04.2024 11:06
348
Кыргызстанда TikTok тиркемесине чектөө киргизилди


Кыргызстанда TikTok тиркемесине чектөө киргизилди. Бул тууралуу колдонуучулар кабарлашты.


Алар тиркемеге кирүүгө аракет кылууда мүчүлүштүктөр болуп жатканын билдиришти. Белгилүү болгондой, айрым провайдерлер кирүүгө бөгөт коё элек.


Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет провайдерлерине TikTok социалдык тармагына чектөө киргизүүнү суранган кат жолдогон.


Эске сала кетсек, Маданият министрлиги ТикТокту бөгөттөө өтүнүчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөн жылдын август айынын аягында жөнөткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн