Бугу 03, 2025
Убакыт: 15:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Кыргызстанда дагы 11 медкызматкеринен коронавирус аныкталды

06.06.2020 10:19
1107
Кыргызстанда дагы 11 медкызматкеринен коронавирус аныкталды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 6-июндагы брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында – 7 жана Нарын облусунда – 1 ак халатчандан илдет аныкталган.


Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн