Баш оона 23, 2025
Убакыт: 17:30
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Кыргызстанда энергетикалык тартыштык жок. Өчүрүүлөр болбойт, - министр

16.06.2021 14:45
1417
Кыргызстанда энергетикалык тартыштык жок. Өчүрүүлөр болбойт, - министр


Кыргызстанда электр энергиясына болгон кризис жок. Ошондуктан мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр болбойт", - деп билдирди Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев.


"Жаман десек жаман боло берет. Жакшы жагын ойлонолу. Энергетиктер учурда штаттык режимде иш алып барышууда. Мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр болбойт. Ал эми азыр оңдоп-түзөтүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу гана күндүз өчүрүлүп жатат.


Азыр энергетика тармагы мамлекетке пайда алып келе албайт, бирок колубуздагы бар нерсе менен эртең пайда алып келе тургандай мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек", - деди министр.


Мындан тышкары министр инвесторлорду чакырып, аларга эч кандай бут тосуулар болбой турганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн