Кулжа 24, 2025
Убакыт: 17:36
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Кыргызстанда коронавирустан 35 адам айыкты

08.04.2020 10:32
1048
Кыргызстанда коронавирустан 35 адам айыкты


Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жаткан адамдардын саны 241 кишини түзөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 8-апрелде онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, 9 адамдын абалы оор, алардын ичинен 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруу аппараты жана кислород менен дем алып жатат.


Ал эми оорудан айыгып, үйлөрүнө чыккандар 25 адам, бүгүн дагы Жалал-Абад облусунда 10 адам үйлөрүнө чыгарылат. 


Бул илдеттен өлкөдө баш аягы 4 адам каза болду. 


Обсервацияда жаткан жарандардын жалпы саны 1097 адамды түзөт, алардын 439у үй карантининде. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн