Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы көтөрүлдү

08.04.2024 15:39
793
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы көтөрүлдү


КР Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.

Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри - 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 - 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.

Учурда АИ-80дин орточо баасы - 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу. Ал эми дизель майынын литри учурда 72,52 сом болсо, март айында 71,52 сом дон сатылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн