Бугу 04, 2025
Убакыт: 10:40
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Билим берүү мекемелери 8-апрелден тарта аралыктан окута баштайт

03.04.2020 09:38
1002
Билим берүү мекемелери 8-апрелден тарта аралыктан окута баштайт


Өлкө аймагында 8-апрелден тарта окуу жайлар аралыктан окутууну баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков айтты.

 

Анын айтуусуна караганда бир үйдө 2-3 окуучу бар экенин эске алып сыналгы аркылуу окутууга да атайын убакыттар белгиленет.

 

“Кырдаалга жараша ыңгайлашууга мүмкүн болушунча аракет жасадык. Аралыктан окутуу боюнча Бишкек шаарындагы Креатив-Таалим, №5 Улуттук гимназия, №61, №13чү мектеп жана Ош шаарындагы алдынкы мектептерден 210 мугалимди атайын видео сабактарды окутуу боюнча даярдадык. 1-класстан 11-класска чейинки баардык, 4-чейректе окутула турган сабактар тууралуу видео сабактарды тартып, монтаждап жатабыз”, - деди Исаков.



Ал эми окутуулар мамлекеттик каналдар аркылуу жүргүзүлөрүн, сабактардын узактыгы 20 мүнөткө созуларын кошумчалады.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн