Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:18
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 30 миң сомду түздү

11.03.2023 12:36
1330
Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 30 миң сомду түздү


2023-жылдын январында орточо айлык акы 29 миң 912 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, эмгек акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда белгиленген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 41,4 пайызды түздү.

“Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, маалымат жана байланыш, мейманкана жана ресторан ишмердүүлүгү, дүң жана чекене соода, авто жана мотоциклдерди оңдоо, ошондой эле курулуш тармагында байкалган”, - деди ал.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Чолпон
Мен жалгыз бой энемин, 20000сом алам, төртөөбүзгө жетпей эле калып жатат, карыздарым көп болуп кетти
Наргиза
Ушул айымдын номерин жазып койгулачы сураныч,мам жумушта 12мин сом менен эле иштеп журобуз, статистика чыгарганда ойлонуп чыгарып,ойлонуп суйлосун
Махабат
Ошого татыктуу иштешсе Атасы жок энеси жок каза болуп калган балдарга которсо жакшы болмок 3500сом эмнеге жетет азыркы кыйынкы учурда квартирага бересинби же баландын курсагын жеткизесинби Мен балама алганы менен кыйын эле жалгыз бой энелерге