Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдардын материалдарын тараткан жаран кармалды

10.05.2023 16:00
582
Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдардын материалдарын тараткан жаран кармалды

Социалдык желеден тыюу салынган экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

     

  Маалым болгондой, Баткен ОИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Сүлүктү ШИИБдин кызматкери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасыда интернет сайттарында диний экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн жаран кармалды.


Сүлүктү шаарынын 32 жаштагы тургуну А. Г. аттуу жаран 2003-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстан исламий кыймылы” ошол эле (Туркестан ислам партиясы) диний экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн. 

 

     Бул факты Сүлүктү ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн