Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандык боксчулар Италияда өтчү лицензиялык турнирге катышат

29.02.2024 09:10
730
Кыргызстандык боксчулар Италияда өтчү лицензиялык турнирге катышат


Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Италияда өтө турган дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.


Ага ылайык, Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган квалификациялык мелдеш 29-февралдан 12-мартка чейин өтөт.


Кыргызстандан бул турнирге жети мушкер барат.


Алар:

Нуржигит Дүйшөбаев — 51 кг;

Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг;

Мирзохид Имамназаров — 63,5 кг;

Сыргак Абдыжапар уулу — 71 кг;

Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг;

Эркин Адылбек уулу — 92 кг;

Бакыт Токтосун уулу — 92 кг.


Белгилей кетсек, аталган мелдеште эркектер арасындагы таймашта 1-2-орундарды алгандар жана 3-орунга татыган эки спортчу (жалпы төрт мушкер) Олимпиадага лицензия алары кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн