Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-Кытай чек арасы ачыла элек

02.04.2020 17:53
766
Кыргыз-Кытай чек арасы ачыла элек


Кыргыз-Кытай чек аралары 2-апрелге карата ачыла элек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрмө пункттары убактылуу жабык, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрбөйт. Учурда гуманитардык жүктөр үчүн гана өткөрмө бекетер ачылып турат.


Ошондой эле, Республикалык ыкчам штабдан кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу автоунаа менен жүк ташууларды жандандыруу маселелери каралганы кабарланат.

“Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына Кытай тарап менен "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарындагы жүк агымын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен аталган процесстин иш-аракеттеринин механизмин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырылды”, - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн