Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы лицензиялык турнирге катышат

28.02.2024 09:11
629
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы лицензиялык турнирге катышат


Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бусто-Арсицио шаарында (Италия) өтө турган Дүйнөлүк Биринчи Олимпиадалык квалификациялык турнирге катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 29-февралдан 12-мартка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

- 51 кг Нуржигит Дүйшөбаев;
- 57 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
- 63,5 кг Мирзохид Имамназаров;
- 71 кг Нурадин Рустамбек уулу;
- 80 кг Эркин Адылбек уулу;
- 92 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;
- +92 кг Бакыт Токтосун уулу,

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Бейшен Сабатаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн