Баш оона 23, 2025
Убакыт: 11:22
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Кыргызстандын элчиси Шри-Ланканын президентине ишеним грамотасын тапшырды

02.02.2024 15:33
425
Кыргызстандын элчиси Шри-Ланканын президентине ишеним грамотасын тапшырды


Кыргызстандын жаңы дайындалган элчиси Аскар Бешимов Шри-Ланканын президенти Ранил Викрмесинхеге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-ланкалык салттуу достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Шри-Ланканын президенти Ранил Викремесингхе Элчи Аскар Бешимовду жылуу кабыл алып, ага Шри-Ланка менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Элчи Бешимов КР президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтып, кыргыз-ланкалык эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн