Кулжа 29, 2025
Убакыт: 18:29
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Кувейт Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

18.09.2020 15:02
1271
Кувейт Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү


Саламаттык сактоо министрлигине 17-сентябрда COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн Кувейт мамлекетинен акысыз жардам иретинде келген медициналык жеке коргонуу каражаттар тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, гуманитардык жардам «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан берилди. Анда төрт катмарлуу беткаптар – 125 000 даана, бетти коргоочу калкандар – 500 даана, PPE костюмдары – 800 даана, инфракызыл термометрлер – 100 даана тапшырылды. 


Пандемия учурунда «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси 32 800 000 сом бөлүп берген, ал каражат өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттарын жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, эң зарыл азыктарды таратууга жана 3 күндүзгү стационарларды уюштурууга жумшалган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн