Теке 27, 2024
Убакыт: 16:10
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Кыргызстанга үч айдын ичинде 689, 7 млн доллар которулган

13.05.2024 10:17
645
Кыргызстанга үч айдын ичинде 689, 7 млн доллар которулган


Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанга 689 миллион 740 миң доллар которулган.


Бул 2023-жылдын (611,4 млн) жана 2022-жылдын (521,3 млн) ушул эле мезгилдерине караганда көп экени Улуттук банктын маалыматында айтылат.


Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.


Каражаттын көпчүлүгү — 641,3 миллион доллар Россиядан келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн