Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кытай жылына 2 пайыз үстөк менен Кыргызстандын карызын жылдырышы мүмкүн

04.10.2021 17:59
1826
Кытай жылына 2 пайыз үстөк менен Кыргызстандын карызын жылдырышы мүмкүн

Парламент комитети тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашууну карады.


Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспортук-Импортук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карады.


Депутаттарга Экономика жана каржы министрлигинин өкүлү маалымат берип, 51,1 миллион долларды төлөө жылына эки пайыз менен 6 жылга жылдырылып жатканын билдирди.


Тактоо иретиндеги айрым суроолордон соӊ депутаттар макулдашуунун долбооруна макулдук беришти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн