Бугу 03, 2025
Убакыт: 22:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Кыйындар силер менен дебатта сүйлөшөм. Тынар Курбаналиев депутаттыкка аттанды

13.09.2021 14:03
1969
Кыйындар силер менен дебатта сүйлөшөм. Тынар Курбаналиев депутаттыкка аттанды

Куудул Тынар Курбаналиев депутаттыкка талапкерлигин көрсөтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, ал бир мандаттуу округдан өзүн көрсөтөт.

"Парламенттик шайлоого катышайын деп даярданып жатам. Бир мандаттуу округ боюнча аттанайын деп турам. Башкаларга окшоп кнопка басып, өзүнүн байлыгын коргоо үчүн эмес. Коргой турган байлыгым же жеке ишим деле жок, максатым карапайым эл үчүн пайдалуу иштерди кылуу. Эл алдында ким менен болсо дагы дебатка чыкканга даярмын буюрса


Кыйындар! Силер менен, буйруса шайлоодо дебатта сүйлөшөм, кимиң менен болбосун дебатка эл алдына чыкканга даярмын буйруса. Мен жасай турган жумушумду айтам, силер берген убадаңарга жооп бересинер!",- деди куудул Курбаналиев.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Доолотбакова Айгул
Колдойм
Рустамбек
Азаматсыз колдойбуз