Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кызыл-Кыяда "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун желегин дубалга илип кеткен бүтүрүүчүлөр кармалды

03.06.2023 17:58
667
Кызыл-Кыяда "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун желегин дубалга илип кеткен бүтүрүүчүлөр кармалды

2023-жылдын 25-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептердин биринин дубалдарына белгисиз атуулдар тарабынан “Разрушай то что разрушает тебя”, “Ваше камера ничего не решает” жана “Ради Аллаха не ставьте музыку” деген жазууларды калтырып, ошондой эле өздөрүн "ИГИЛ" Ислам мамлекети деп атап алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдун желеги катары колдонгон кара түстөгү желекти таштап кеткендиги боюнча маалымат катталган. Бул окуя боюнча 2023-жылдын 1-июнь күнү Кыргыз Республикасынын КЖКнин 332-бер. 1-бөл. каралган кылмыштын белгилери болгондуктан кылмыш иши козголгон. 


Кызыл-Кыя ШИИБдин ЭММКАКнын ыкчам кызматкерлери жана УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, окуя болгон аймакта жүрүм-туруму диний экстремисттик агымдарга шек жараткан атуулдардын үйүнө 2023--жылдын 2-июнь күнү тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада окуяга тиешеси бар төмөнкү атуулдар аныкталды. Алар 18 жана 17 жаштагы 3 жаш жигиттер болушкан. Алар мектепти быйыл бүтүрүшкөн.. 


Ошондой эле тинтүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык китептер алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн