Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кокустан тартылып калган. "Кызыл жоолук жалжалымда" Аселдин ролун аткарган Динара Чочунбаева (фото)

22.02.2023 13:20
3159
Кокустан тартылып калган. "Кызыл жоолук жалжалымда" Аселдин ролун аткарган Динара Чочунбаева (фото)

Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган "Мен Тянь-Шань" тасмасынын башкы каарманы Аселдин ролун аткарган актриса Динара Чочунбаева. Фильм тартыла баштаганда актриса 14 жашта болгон экен. Бул тууралуу журналист  Ибраим Нуракун уулу билдирди.


Нуракун уулу билдиргендей, Динара Чочунбаеваны атайын кастинг жарыялашып 3000 студент кыздын арасынан тандап алышкан. Ал эми кастингге кокусунан эле, азыркы "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында басып бараткан жеринен эле кинонун жаратуучулары көрүп калышып сунуштаган экен. Динара эже бул фильмден кийин киного тартылбаптыр. Ильяздын ролунда Дүйшөн Байтөбөтов, ал эми Кадичаны Назира Мамбетова аткарган, Байтемирдин ролунда Сүймөнкул Чокморов болгон.


Динара Чочунбаева эже азыр сүрөтчү, "Оймо" аттуу кол өнөрчүлүк фестивалынын жетекчиси. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн