Бугу 03, 2025
Убакыт: 14:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Корея Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 300 миң доллар бөлдү

29.05.2020 15:45
971
Корея Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 300 миң доллар бөлдү


Кыргызстанда COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында Корея өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. 

Мындан тышкары Кореядагы Кыргызстандын Элчилигинин күч-аракеттери менен 28 миңден ашуун АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

Бүгүн, 29-майда бул гуманитардык жардам Кореядан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди. 

Жалпысынан 26,950 ПЧР тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди. 

Кыргыз өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн