Кулжа 24, 2025
Убакыт: 20:08
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Кореялык компания Кыргызстанда электр унааларын кубаттоочу станция курууга көмөктөшөт

Кореялык компания Кыргызстанда электр унааларын кубаттоочу станция курууга көмөктөшөт


Кыргызстанда электр унааларын кубаттоочу станцияларды куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.


Экономика министрлиги менен Кореянын EVSIS, NGS компаниялары жана экологиялык унаа транспорту ассоциациясынын ортосунда ушул багытта кызматташуу боюнча меморандум түзүлдү.


Меморандумдун максаты – Бишкекте электр унаалар үчүн кубаттоочу станцияларды биргелешип куруу жана өнүктүрүү.


Меморандум төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө багытталган:


  • заманбап кубаттоочу станцияларды түзүү жана иштетүү;
  • абанын сапатын жакшыртуу жана зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу;
  • тармактык тажрыйба жана маалымат алмашуу;
  • экологиялык транспорт тууралуу коомчулукка маалымат берүү багыттарын камтыйт.


Долбоордун алкагында корея тарап Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен кызматташып, техникалык окутуу жана стажировкаларды уюштурат.


Бул жергиликтүү адистердин даярдыгын жана кубаттоочу инфраструктураны тейлөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн