Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавирус: Евро-2020 жылдырылып, Чемпиондор лигасы аягына чыкпай калуусу мүмкүн

13.03.2020 09:24
1080
Коронавирус:  Евро-2020 жылдырылып, Чемпиондор лигасы аягына чыкпай калуусу мүмкүн


Коронавируска байланыштуу футбол боюнча Европа чемпионаты 2021-жылга жылдырылып, Чемпиондор лигасынын быйылкы сезону аягына чыкпай калуусу мүмкүн. Бул тууралуу Европадагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына шилтеме кылып жазышууда. 


Европанын футбол ассоциациялар биримдиги (УЕФА) 17-мартта учурдагы абалды, анын ичинде Европа чемпионатынын тагдырын талкуулайт деп күтүлүүдө. Азырынча УЕФА чемпионаттын 2021-жылга жылдырылары тууралуу билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.


Европада коронавирустун жыйылуусу күч алгандыгына байланыштуу Италия менен Испаниянын футбол боюнча улуттук чемпионаттары убактылуу токтотулган. Италиянын «А» сериясынын футболчулары коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталса, «Реал Мадрид» командасынын оюнчулары 14 күндүк карантинге алынышты. Башка өлкөлөрдүн чемпионаттарындагы оюндар көрүүчүлөрсүз өтүүдө. Анын ичинде Чемпиондор лигасынын акыркы оюндары да бош стадиондордо өтүп жатат.


Европанын 10дон ашык шаарында өтө турган футбол чемпионатына быйыл 24 өлкөнүн курама командасы катышмак.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн