Коронавивирус илдетин соңку жуктуруп катталгандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандардын бири 1996-жылы, экинчиси 1994-жылы туулган жигиттер.
Франциядан учуп келген 24 жаштагы тургун “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жайгашкан. Ал эми, умрадан келген 26 жаштагы жигит “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган.
Эске салсак, жаңы жагдайлар 21-мартта катталды. Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандар 14 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн