Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавирус: Кыргызстанда 300 адам көзөмөлдө (видео)

06.03.2020 16:14
707
Коронавирус: Кыргызстанда 300 адам көзөмөлдө (видео)


Бүгүнкү күндө 300дөн ашык адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, обсервацияда чет элдик жарандар да бар. Алардын баарына керектүү шарттар түзүлүп, атайын текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.   


"Обсервациядагы жарандардын баарынын ден соолуктары жакшы. Ал адамдарды оорулуулар деп эсептебешибиз керек. Аларга текшерүү иштери гана жүргүзүлүп жатат. Күнүнө үч маал тамак берилет, жаткан жерлери таза, ичи да жылуу. Айрым эрке балдар, кыздар да бар. Ачык айтып коюу керек, айрым мөмө-жемиштерди жейм деп чатак чыгарган учурлар жок эмес. Ал жерде биздин кызматкерлер колдон келгенин таап берүүдө. Бирок бул жай эс алган курорт эмес, алар туура мамиле кылса жакшы болмок.", - деди Исаков.


Исаков кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө чейин 1 миң 500 жолу коронавирусту аныктоо боюнча анализ жүргүзүлгөн. Алардын баарынын жыйынтыктары терс болуп чыккан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн