Бугу 18, 2024
Убакыт: 00:48
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Коронавирус Кыргызстанга да келди: Дүрбөлөң күчөтөт, сабырдуулук жеңишке жетелейт

18.03.2020 10:07
1438
Коронавирус Кыргызстанга да келди: Дүрбөлөң күчөтөт, сабырдуулук жеңишке жетелейт

Дүйнө элине берилип жаткан Жараткандын сыноосу Кыргызстанга да келди. КР саламаттыкты сактоо министри К. Чолпонбаевдин берген маалыматына караганда Жалал-Абад облусунун Сузак районунан үч адамдан коронавирус оорусу табылды. Бул үч адам тең Араб өлкөлөрүнөн кичи ажылыктан келишкендер болуп чыкты.


Албетте, бул оорунун өлкөбүзгө кирип келгени көңүл чөгөрө турган жаңылык. Бирок, мындай кырдаалда дүрбөлөңгө түшпөй, кимдир-бирөөнү күнөөлөбөй, ар бирибиз жеке тазалыкты сактап, топтошкон жерлерге барбай, жөнү жок эле көчөдө баспай, сабырдуулук менен бул ооруну жеңишибиз керек. Илгертен элибиз «Сабырдын түбү сары алтын» деп айтып келген. Эгерде азыр баарыбыз дүрбөлөңгө түшүп, «Сарайдан саман учту» дегенди «Самарканд өрттөнүптүр» кыла берсек, анда бул аты жаман оорунун жайылуусун күчөтүп гана алабыз.


Баарыбыз үчүн ата-энебиз, бир туугандарыбыз, уул-кыздарыбыздын амандыгы, ден соолуктарынын чыңдыгы маанилүү. Бирок, биз коомдон, мамлекетибизде жашап жаткан башка мекендештердин да саламаттыгы чың болушун тилешибиз зарыл. Себеби, айланаңда жүргөн адамдардын саламаттыгы да ар бирибиздин үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн саламаттыгына таасирин тийгизет. Андыктан мындай кырдаалда жеке көмөчүбүзгө күл тартпай, бири-бирибизге карамдуу бололу!


Биз буга чейин Кытайдын бул оору менен кандайча күрөшкөнүн көрдүк. Учурда Италияда, Франция, Германия, АКШ сыяктуу мамлекеттер кантип күрөшүп жатканын көрүп жатабыз. Алардын кетирген катачылыктарын кайталабай, бул илдеттен чыгашасыз чыгып кетели!


Канатбек Аскаров



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдыразак.
Катту контрол кылып . Караш керек келгендерди