Тогуздун айы 30, 2025
Убакыт: 09:38
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.090
1.125

Коронавирус аныкталган 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө

18.06.2020 13:02
1064
Коронавирус аныкталган 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө


Коронавирус аныкталган 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 18-июндагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, ооруканадан жалпы 1 933 адам айыгып чыккан.  


Коронавирус аныкталган адамдар менен 11 217 адам байланышкан. Алардын саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Акыркы суткада 3808 изилдөө жүргүзүлдү. 


18-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 95 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 2 657 учур болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн