Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавирус илдети Кытайда басаңдады

12.03.2020 16:38
1132
Коронавирус илдети Кытайда басаңдады

COVID-19 илдетинин Кытайда массалык өрчүүсү эми артта калды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитеттин өкүлү Ми Фэн билдирип чыкты.

“Азыркы учурда Хубэй аймагынын Ухань шаарынан башка жерлеринде соңку жума ичинде бир да тумоологондор кезиккен жок. Ал эми, Хубэй провинциясынан башка жакта 7 адам катталып, алтысы чет өлкөдөн киргендер”, - деген Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитеттин өкүлү.

Ми Фэн жаңы бейтаптар күн санап азайып жатканын жана салыштырмалуу төмөн көрсөткүчтө экенин да айтат.

“Дарылоо иштерин жолго салып, бейтаптардын саламаттыгын биринчи оорунга коюу керек жана бошоңдоп кетпей сак болубуз керек”, - деп кошумчалаган.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдан чыккан коронавирус илдетин пандемия деп атаган. Учурда бул дартка чалдыккандардын саны 125 миңден ашып, дүйнөнүн 118 өлкөсүндө катталды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн