Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери арасында бильярд боюнча турнир болуп өттү (фото)

19.03.2021 12:05
592
Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери арасында бильярд боюнча турнир болуп өттү (фото)


Бишкекте укук коргоо органдарынын ардагерлери арасында 17-мартта бильярд спорту боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруулар маалымдады.


Мелдеш Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналып, Согуш ардагерлери, куралдуу күч, укук коргоо органдары жана тылдын эмгекчилери республикалык кеңеши тарабынан өткөрүлдү.


Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, турнирге КР Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Финполдун жана Кыргызстандагы Эл аралык полициялык ассоциациясынын (ЭПА) ардагерлери катышып, жалпы 32 ардагер болду.


Командалык орундар боюнча 1-орунду Кыргызстандагы Эл аралык полициялык ассоциациясынын (ЭПА) ардагерлери жеңип чыкты. 2-орунга Коргоо министрлигинин ардагерлери, ал эми 3-орунга УКМКнын ардагерлери ээ болушту.


Жекече мелдеште 1-орунду УКМКнын мурдагы төрагасы, полковник Ж.М.Байымбетов, 2-орунду ЭПАнын оюнчусу подполковник Ж.М.Кулманбетов, ал эми 3-орундарды полковник М.И.Мухаммадиев жана экс-депутат З.М.Алымбеков жеңип алды.


Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр атайын сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн