Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кудайберген Базарбаев: “Чолпонбек байкем бизди ага катары да, ата катары да жетелеп өстүрдү”

31.01.2024 10:05
1247
Кудайберген Базарбаев: “Чолпонбек байкем бизди ага катары да, ата катары да жетелеп өстүрдү”


- Кудайберген Базарбаевич, уялаш бир тууганы катары Чолпонбек байкени сиздей жакшы эч ким билбесе керек. Ал киши адам катары, ага катары кандай эле? Бийчилик өнөрдү тандап алуусуна ким түрткү болгон? 


- 1956-57-жылдары Фрунзе шаарынан чыккан комиссия эки-үч күн жол жүрүп, Ат-Башыга барышып, балетке шыктуу балдарды издешкен экен. Эми элестетип көргүлө, тоо арасындагы айыл. Капкара болгон кичинекей баланы көчөдө ойноп жүргөн жеринен кармап алышып, дене-боюн карап, буттарын карап, "ушул балетке жарайт" деп тандашса, атабыз жибербей коюптур. Гүлбара Даниярова аябай көрөгөч педагог болчу, кийинки жылы “Ат-Башыда бир бала бар эле” деп кайра барат. Ал кезде жол азыркыдай асфальт эмес, рейсовый автобустар араң жүрчү. Ошого карабай ат арытып барат. Агамдын багына бул жолу апабыз макул болуп, атабызды да "бара берсинчи" деп көндүрөт. Ошентип агам Фрунзеде окуп калат. 


Ал жашынан эле сабактарды жакшы окуган, бардык нерсеге өз эмгеги менен жетишкен аракетчил, тырышчаак бала эле. 6-7-класста окуп жүргөндө окутуучулар арасында “бою кыска, балетке жарабайт” деген сөздөр айтылган го. Аны угуп калган агам жайы бою бутуна таш байлап алып турникке тартынып, анан күзүндө сабакка келгенде мугалимдер тааныбай калышкан экен. Бою аябай өсүптүр да. 12-14 жашында жакшы окуган окуучу катары Германияга чейин барып, пионерлердин эл аралык лагеринде эс алып келген. Кийин артист болгон соң буйрук экен, Москвадагы Чоң театрдын атынан Швеция, Голландия, Италия, Франция сыктуу отуздай өлкөнүн сахнасында бийледи. Он жыл опера жана балет театрынын комсомол уюмун жетектеген. Москвага, ЛКСМ БКнын XVII сьездине барып, СССРдин легендарлуу маданият министри Екатерина Фурцева менен жолугуп, жаш экенине карабай аны менен теңме-тең сүйлөшүп, театрдын ремонтуна, эмгек акыга кошумча каражат сураган. 1972-жылы СССРдин өкүлү катары Мюнхенге, ХХ жайкы олимпиада оюндарына барган. 


1968-жылы атабыз ооруп, кайтыш болуп кетти. Ал өзү Улуу Ата мекендик согушка катышып, үч жолу жаракат алган киши болчу. Ошол жаракаттары акыры анын өмүрүн алып тынды. Ошондо Чолпонбек байкем 19 жашта эле. Бирок, жаштыгына карабай, бизди, алты инисин ага катары да, ата катары да жетелеп, өстүрдү. Москвадагы Чоң театрда стажировкадан өтүп, Васильев, Лиепа сыяктуу дүйнөгө белгилүү балет чеберлери менен бирге бийлеп калган кези болчу. Бирок, атабыз кайтыш болгонунан улам апабызга жардам бериш үчүн Фрунзеге кайра келип, бизди карап калган. Жубайы Надежда жеңебиз да биз үчүн экинчи апабыздай эле болду. Алар байкем экөө хореографиялык интернатта чогуу окушкан. Кудай буюруп, 1969-жылы баш кошушат. Азыркы Киев-Свердлов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки бөлмө үйдө он үч киши чогуу жашачубуз. Байкемдин үйү дегеле эл аягы үзүлбөгөн, дайыма ыр-күлкү жаңырып турган ачык эшиктүү үй эле. Жеңем өзү да жакшы бийлеген таланттуу балерина болчу, прима болгонго бардык мүмкүнчүлктөрү бар эле. Бирок, "Чолпонбек өссүн, мен ага жөлөк болуп берейин" деп көп бийлебей, шарттарын түзүп калган. 


- Чолпонбек байке канчалык деңгээлде өзүнүн татыктуу баасын алды деп ойлойсуз?


- Аны баарыбыз улуу инсан, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары билебиз, баалайбыз. Ал биздин эгемен мамлекетибизди куруунун башатында тургандардын бири. Бирок, ошол эле учурда балеттин бийчиси катары Базарбаевге дале жеткиликтүү баа бериле элек. Адам, дос, бир тууган катары да толук ачылды деп айта албайм. Россия Федерациясынын президентинин кеңешчиси Михаил Швыдкой аны "балеттин генийи" деп атаган. Беш жыл мурда мен Анкарага, Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган конференцияга барганда, белгилүү балет сынчылары да аны "балеттин генийи" деп баалашкандарын уктум. Дүйнөлүк балеттин примасы Лилиана Кози 1975-жылы атайын Фрунзеге Базарбаев менен бийлегени келген. Дүйнө биздин мамлекетти балет аркылуу светтикпи, же светтик эмеспи деп баалайт. Биздин өлкөбүз балет өнүккөн өлкө катары жакшы атак алып, оң рейтингге ээ болуп жүрөт. Мурда Мариинский театрында иштеп, премьер деген деңгээлге жеткен бийчибиз Канат Надырбек бүгүн бизге башкы балетмейстер болуп келип, иштеп жатат. Бул биз үчүн абдан жакшы жетишкендик. Мариинский театры балет боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган театр. Бизден эки эле адам: операдан улуу инсаныбыз, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиев жана балеттен мен жогоруда айткан Канат Надырбек премьер деген деңгээлге жеткен. Сөздүн ушул жеринде сиздин баштапкы сурооңузга бир аз чегинүү кылсам. 


Жогоруда айтып өткөндөй, комсомолдун катчылыгынан кийин агам театрда парторг болгон. Ал кезде өзүңөр билесиңер, директор чарбалык, административдик маселелерге жооп берсе, идеология жагын парторг карачу. Агам мыкты оратор эле. Кандай гана тема болбосун сүйлөшүп, ар кандай кишини ынандыра алчу. Чолпонбек байкем устаттарын аябай урматтачу. Учурунда Бүбүсара Бейшеналиева менен да бир аз бийлеп калган. Эже ага аябай жогору баасын берген. 


- Алты бир тууганбыз дебедиңизби, алар да өнөр адамдарыбы?


- Чолпонбек байкемен кийин Кубанычбек аттуу дагы бир байкебиз бар болчу. Токмок шаарындагы заводдо иштеди. Заводдо алдыңкы кызматкер катары аянбай иштеп, мактоолорго арзый алды. Ал дагы өз учурунда көрүнүктүү коомдук ишмер болгон. Элге көп жардамы, пайдасы тийди. Элдик киши катары калтын колдоосуна татып, шаардык кеңештин депутаты болууга жетишти. Өзгөчө үй-бүлөсүнө өтө карамдуу болчу. Тилеке каршы, ал да сыркоолоп, кайтыш болуп кеткен. Мени да байкем Фрунзеге алып келип, шаардагы №2 мектептен окудум. Башынан эле коомдук иштерге жакын болуп, комсомолдо иштеп, БКга чейин жеттим. Комсомолдун Бишкек шаарынын Ленин райкомунда, кийин партиянын райкомдорунда, шааркомунда иштедим. Менден кийин Жумабек аттуу инибиз бар. Ал белгилүү сүрөтчү. Бир топ персоналдык көргөзмөлөрүн уюштурган. Кытай, корей, япон сыяктуу чыгыш элдеринде “Саа күнджа” деген бир көркөм стиль бар, атайын Кореяга барып, ошол стилди үйрөнүп келген. Азыр шартка байланыштуу Россияда жүрөт. Кудай буюрса, жакында келет. Эң кенже инибиз Руслан окууну бүткөн соң мамлекет тарабынан алыскы Сары-Жазга иштөөгө жиберилип, мугалим болуп иштеди. Дароо эле көзгө илинип, элдин алкоосуна ээ болуп турган жигит эле. Өмүрү кыска экен, Сары-Жаздан бул жакка келатканда автокырсыка учурап, кайтыш болду. Түптө, жолдун жээгинде эстелик катары бир кичинекей таш турат. Ары-бери өтүп калганда токтоп, куран окуп өтөбүз. Шүгүр, артында эки кызы калды. Айдай Москвадагы Федоров клиникасынан аспирантураны бүтүрүп, көз боюнча көрүнүктүү адис. Экинчи кызы Салтанат болсо каржы тармагында иштейт. Кубан байкемдин да Нурдин, Эркин аттуу эки баласы Токмок шаарында турушат. Бул да болсо Чолпонбек байкем бизди окутуп, жакшы тарбия бергенинин натыйжасы деп ойлойм. 


- Чолпонбек байкенин туулган жери эки түрдүү көрсөтүлүп жүрөт. Бир булактарда Кочкор районунун Чолпон айылы делсе, дагы бирөөндө Кум-Дөбө айылы деп айтылат. Экөөнүн кайсынысы туура?


- Чолпондо төрөлгөн. Ал эми Кум-Дөбө болсо апабыздын айылы. Биз жайкы каникул учурларында таякелерибиздин үйүнө көп барчубуз. Атабыз 1927-28-жылдары, он жети жашында бир тууган иниси Настай менен Украинага сүргүнгө айдалып, жетээр замат эле кайра келген экен. Келген соң билимдүү киши катары мугалим болуп, адегенде Пишпекте, андан кийин Шалтада сабак бериптир. Базар-Коргон районуна чейин жиберилип, 1939-жылы Жогорку Кеңештин грамотасы менен сыйланган. Улуу Ата мекендик согушка катышып, келгенден кийин Кочкордун Чолпон айылынан апабызга жолугуп, экөө баш кошушат. Апабыз да мугалим болуп иштеген билимдүү кыз экен. Жогоруда айтканымдай, атабыз көп жерлерде иштеген, ошондон улам биз ар кайсы жерлерде төрөлүп калдык. Мисалы, мен Ат-Башыда, ал эми инилерим болсо Токмокто туулушкан. 


- Агаңыз кырсыкка кабылганы тууралуу жаман кабарды укканда абдан жаман болсоңуз керек?


- Ар бирибиз өз ишибиз менен алек болуп, кээде бир, кээде эки жумадай жолукпай калчубуз. Анан калса, такай сүйлөшүп турганга уюлдук телефон бар да. 2-сентябрь күнү үйгө келсем бирөөлөр телефон чалып, жол кырсыгы болуптур, ага Чолпонбектин да тийешеси бар окшойт дегендей сөз айтты. Мен чынын айтканда, анын сөзүн көп деле түшүнгөн жокмун. Автоматтык түрдө эле машинага отуруп жетип барсам, байкем жатат... Али "тез жардам" да келе элек экен. Биринчи болуп мен барыптырмын... 


- Агаңыз мамлекеттик кызматтарда да көп иштеди. Театрды жетектеп, маданият министри, билим берүү министринин орун басары болду. Анын өзүнө көбүрөөк жетекчилик кызмат жакчу беле, же балет өнөрүбү?


- Байкем негизи эле маданиятка берилген адам болчу. Жана мен башында айттым го, балет бийлеп жүргөндө эле он жыл театрдын комсомол, анан партуюмунун катчысы болгон. Бир күнү убагы келгенде аны театрдын директорлугуна дайындашты. Бир эле учурда театр ишмерлери союзуна төрагалык кылып жүрдү. 1993-жылы министрликке дайындалды. Министр болгонун ал өзү билбей деле калган. Анткени, Польшага командировкага кеткен болчу. Президент, өкмөт ал жокто эле кандидатурасын сессияга киргизип коёт. Түнкү саат экиде Алматыга учуп келмек. Мен саат беште Казакстандын чек арасынан тосуп алып, эртең менен саат сегиз жарымга Апас Жумагулов чакырып жатканын айттым. Ал кезде 450 депутат эмес беле. Байкем дээрлик бир добуштан шайланып, 1996-жылга чейин министр болуп турду. 90-жылдары театрларды, стадиондорду четинен бизнесмендер сатып ала баштаган оор жылдар болчу. Байкем театрлардын бирөөнү да саттырбай, сактап калды. Бул азыр оңой сезилгени менен ошол кезде өтө кыйын иш эле. ТҮРКСОЙду түзүүнү демилгелеген да Чолпонбек Базарбаев. Өзү жалгыз болуп калганда Азербайжандагы атактуу досу Полад Бюль-Бюль оглуна чалып, ал колдоп, ошонун натыйжасында ТҮРКСОЙ уюму пайда болгон. Бүгүн болсо анын жакшылыгын бүт түрк тилдүү элдер көрүп жатат. "Айтматов жана театр" фестивалын ойлоп тапкан да Чолпонбек Базарбаев. Азыр ал фестиваль ар эки жыл сайын өтүп жатат. Айтор, ал кишинин театрдын директору, министр болуп иштегени маданиятка аябай көп пайда келтирди. Себеби, ал СССРдин эл артистери Кирил Лавров, Михаил Ульяновдор менен бирге иштешип жүргөн, СССРде абдан таасирдүү, кадыр-баркы чоң адам эле да.  



Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн