Кулжа 06, 2025
Убакыт: 22:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Курулуш министрлиги оңдолуп жаткан "Алтын кум" пляжын көрсөттү

30.05.2025 10:15
246
Курулуш министрлиги оңдолуп жаткан "Алтын кум" пляжын көрсөттү

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы оңдолуп жаткан "Алтын кум" ("Золотые пески") пляжын көрсөттү. 

Ал соцтармактагы баракчасына пляждын жаңыланган видеосун жүктөгөн.

"Туугандар, талкаламай, таштанды ыргытмай жок! Оокатка аяр мамиле жасайлы, келген коноктор үчүн көрүнүктүү жерге айланталы", — деген Орунтаев. 

Эске салсак, бул пляжды оңдоо иштери былтыр ноябрда башталып, реконструкцияга 35 миллион сом сарпталары айтылган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн