Теке 07, 2025
Убакыт: 07:49
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Лейлекте ишкер Исманали Жороев туу орнотту

03.03.2021 12:04
1638
Лейлекте ишкер Исманали Жороев  туу орнотту


Бүгүн 3-мартта Лейлек районунун борбору Исфана шаарында жеке ишкер Исманали Жороев өз каражатынын эсебинен туу орнотуп, мамлекеттик туу күнүнө карата ачылуу аземи болду.


Иш-чарага райондун жашоочулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, мамлекеттик туу күнүн белгилешти.


Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы Исманали Жороевдин райондун социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Ардактуу атуул” наамын тапшырды.


Кыргыздын мыкты уулу, мекенин сүйгөн Исманали Жороевдин жасаган иштери улуу-кичүү муунга үлгү болот. Сыйлыгы кут болсун! Туубуз дайыма желбиреп, мекенибизде тынчтык болсун!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн