Бугу 04, 2025
Убакыт: 02:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Лондондогу адистер Кыргызстандагы ПЦР-тесттердин сапаты кандай экенин айтышты

12.08.2020 12:24
1119
Лондондогу адистер Кыргызстандагы ПЦР-тесттердин сапаты кандай экенин айтышты


Өлкөдө коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн колдонулган ПЦР-тесттер 85-90%га так жыйынтык берүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди. 


Анын айтымында, Кыргызстанда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин сапатына Улуу Британиянын Лондон шаарындагы адистер жогорку баа беришкен. 


"Биз 2020-жылы март айында Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Лондон шаарындагы референс-лабораториясына коронавирус инфекциясы боюнча терс жыйынтык көрсөткөн ПЦР-тесттерди жөнөткөнбүз. Алар Кыргызстанда колдонулган ПЦР-тесттер 85-90 пайызга так жыйынтык көрсөтөт деген бүтүм чыгарып беришти”, - деди ал. 


Өз сөзүндө Айгүл Жумаканова республика боюнча жалпысынан 12 мамлекеттик, 1 жеке лаборатория иштеп жатканын кошумчалады. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн