Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Маданият министрлиги Россиянын согуш тууралуу тасмаларын көрсөтүүгө кайрадан тыюу салды

24.04.2022 10:07
1520
Маданият министрлиги Россиянын согуш тууралуу тасмаларын көрсөтүүгө кайрадан тыюу салды

Россиянын Донбасс тууралуу тасмаларын Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө кайрадан тыюу салынды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, Россиянын "Гармония" маданий борбору өлкө аймагында "Время правды" кинофестивалын өткөрүүнү пландап, 2019-жылы тартылган "Донбасс. Окраина", "Ополченочка", "Солнцепек" тасмаларын көрсөтүүгө уруксат алуу үчүн "Кыргызтасмасы" мамлекеттик борборуна кайрылган.


"Аталган тасмаларды көрсөтүү маселеси "Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө" токтомго ылайык каралды. Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу "Кыргызтасмасы" мамлекеттик борбору бул фильмдерге берген күбөлүгүн кайра чакыртып, өлкөдө көрсөтүлүшүнө тыюу салат", — деп билдирүү калтырган Жаманкулов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн